Улуттук банк төлөм уюмуна 220 миң сом айып салды

Улуттук банк төлөм уюмуна 220 миң сом айып салды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн, Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна жалпы суммасы 220 миң сомду өлчөмүндө айып пул салды.

КРУБ маалыматына ылайык, айып пул төмөнкүдөй мыйзам бузуулар үчүн белгиленди:

  • КРнын банк мыйзамдарына ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын милдеттүү талаптарын аткарбаган; 
  • КРнын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ички көзөмөл системасын уюштуруу бөлүгүн аткарбаган.

Ал эми айып салынган төлөм уюмунун аталышын Улуттук банк ачыктаган жок.

Учурда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде өлкөдө 55 төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму иш алып барып жатат. Алардын бардыгы Бишкек шаарында жайгашкан.


Белгилей кетсек, төлөм уюмдары товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, өткөрүү жана эсептешүү кызматтарын көрсөтсө, төлөм системасынын операторлору төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана катышуучуларга жеткирүү функцияларын аткарат.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media