Улуттук банк Yurta электрондук акча системасынын операторун реестрден чыгарды

Улуттук банк Yurta электрондук акча системасынын операторун реестрден чыгарды

КРнын Улуттук банкы Yurta эл аралык электрондук акча системасынын оператору "RPS Asia" ЖЧШнун каттоо маалыматын жокко чыгарды. Тиешелүү чечимди Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети 2026-жылдын 20-августунда кабыл алган.

Билдирүүгө караганда, компания Кыргызстандын аймагында оператор катары иш алып барбагандыктан, анын Улуттук банктагы эл аралык электрондук акча системасынын оператору катары каттоосу жокко чыгарылган.  

Улуттук банктын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда иш алып барып жаткан эл аралык электрондук акча системаларынын операторлорунун жана эл аралык электрондук акча эмитенттеринин реестринде 6 система бар.

Маалымат үчүн: Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензиясы бар юридикалык жак - КРнын резиденти электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү системанын оператору болуп саналат. Эл аралык электрондук акчалар системасынын операторунун/эл аралык электрондук акчалар системасынын эмитентинин - КРнын резиденти эмес жактын иши төлөм системасы жөнүндө Мыйзамга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз банкында каттоосу болгондо гана жүзөгө ашырылат. Эл аралык электрондук акчалар системасынын операторунун/эл аралык электрондук акчалар системасынын эмитентинин Кыргыз банкында каттоодон өтпөй туруп иштөөсүнө тыюу салынат.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media