16%дан башталган бизнес-кредиттер: DemirBankтан 31-октябрга чейин атайын шарттар
Жаңы буйрутмалар, заманбап жабдуулар, ассортиментти кеңейтүү же кошумча багытты ишке киргизүү — бизнесиңизди өнүктүрүү боюнча пландарыңызды DemirBankтын атайын шарттары менен азыртан ишке ашырыңыз.
2026-жылдын 31-октябрына чейин ишкерлер үчүн төмөнкү сунуштар жеткиликтүү:
· чакан жана орто бизнес үчүн бизнес-кредиттер — жылдык 17%дан;
· "Арууке" программасы боюнча ишкер айымдар үчүн каржылоо — жылдык 16%дан;
· агробизнес үчүн кредиттер — жылдык 16%дан.
Сунуштун негизги артыкчылыктары — каржылоо мөөнөтү 60 айга чейин жана өзүңүзгө ылайыктуу форматты тандоо мүмкүнчүлүгү: кредит, кредиттик линия же овердрафт. Ири суммадагы каржылоо өтүнмөлөрү жекече тартипте каралат.
Каржылоону айланма каражаттарды толуктоого, товарларды жана чийки заттарды сатып алууга, жабдууларды алууга, курулушка, өндүрүштү кеңейтүүгө же бизнестин жаңы багытын ачууга багыттоого болот.
Бизнестин күнүмдүк муктаждыктары үчүн кредит 36 айга чейин, ал эми инвестициялык долбоорлор үчүн 60 айга чейин берилет. Бул бизнестин максаттарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен ыңгайлуу төлөм графигин тандоого мүмкүндүк берет.
Компанияңыздын өнүгүүсүн кийинкиге калтырбаңыз — 2026-жылдын 31-октябрына чейин DemirBankтын атайын шарттарынан пайдаланыңыз.
Толук маалымат алып, консультацияга кайрылуу үчүн DemirBankтын расмий сайтына кириңиз же 2222 кыска номерине чалыңыз.
ЖЭПЧ 17,2%дан башталат. КРУБдун №035 лицензиясы.