Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 12,00 % деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 12,00 % деңгээлинде  калтырды

КРнын Улуттук банкынын Башкармасы эсептик ченди 12,00 % деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Акыркы жолу эсептик чен 2026-жылдын февраль айында 11%дан 12%га жогорулаган. Улуттук банктын өкүлдөрүнүн билдирүүсунө караганда, тышкы шарттар өлкөдөгү баалардын динамикасын аныктоочу негизги фактор бойдон калууда.

Эсептик ченге байланышкан басма сөз жыйынынын жүрүшүндө төраганын орун басары Азат Козубеков дүйнөдө болуп жаткан геосаясий чыңалууларга байланыштуу, дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторунда баалардын өзгөрүшү импорттолгон товарлардын баасына таасирин тийгизип жатканын билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан бери КРда керектөө баалары 7,3 % өстү, ал эми жылдык инфляция 11,7 % түздү.

“Акыркы айларда тышкы таасирдин натыйжасында, азык-түлүк бааларынын өсүшүнө таасирин тийгизди. Ички баалар үстүбүздөгү жылдын башынан бери 6,3%, ал эми азык-түлүктөн башка товарларга 5,8 % өстү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө баа динамикасына ички факторлор таасирин тийгизген, ал 11,1 % өсктү”- деп, билдирди Козубеков.

Козубековдун айтымында, 2026-жылдын январь-июль айларында ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 11,1 % түзгөн. Улуттук банк банк системасындагы ашыкча ликвиддүүлүктү активдүү жөнгө салуу менен инфляцияга акчалай салымды чектөөдө.

“Инфляцияга түрткү берүүчү сакталып турган тышкы тобокелдиктер азырынча күчөтүлгөн акча-кредит шарттарын сактоону талап кылат. Мындай шарттарда Улуттук банктын эсептик ченин сактоо боюнча учурдагы чечим инфляциянын тышкы факторлордон экинчилик таасирин чектөөгө жардам берет жана орто мөөнөттүү келечекте инфляциянын туруктуу төмөндөшү үчүн өбөлгө түзөт” – деп билдирди Улуттук банктын төрагасынын орун басары. 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландык отуруму 2026-жылдын 26-октябрында өтөт.

Эсептик чен – бул Улуттук банк тарабынан орнотулган чен, ал экономикадагы акча ресурстардын наркын аныктоочу негизги ориентир болуп эсептелет. Эсептик ченди өзгөртүү менен Улуттук банк финансы ресурстардын наркын жөнгө салат, ошону менен кредиттер жана депозиттер боюнча чендерге да таасир кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media