Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт.

DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен ата-энелер окууну азыр төлөп, насыянын суммасын акырындык менен – 6, 9 же 12 айдын ичинде кайтарып бере алышат.

Мисалы, эгерде окуунун баасы 200 000 сом болсо, насыя ушул суммага таризделет, натыйжада кардар пайызсыз жана комиссиясыз 200 000 сом кайтарып берет.

Ошентип, ата-энелер окууга толук сумманы дароо эле топтоп отуруунун кажети жок: алар каржылык жүктү бир нече айга бөлүп, баласы үчүн туура мектепти тандоо мүмкүнчүлүгүн сактап кала алышат.

DemirBankтын окуу насыясынын шарттары:

• Жылдык 0%;

• Комиссиясыз;

• Насыянын суммасы – окуунун толук наркына чейин;

• Төлөө мөөнөтү – 6, 9 же 12 ай;

• Тариздөө — DemirBank мобилдик тиркемесинде онлайн.

Насыя DemirBankтын өнөктөш мектептеринде окууну төлөө үчүн жеткиликтүү. Мектептердин толук тизмеси, окуу насыясын тариздөө боюнча толук шарттар жана талаптар банктын расмий сайтында жеткиликтүү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ишкер аялдар Кепилдик фонддун колдоосу менен 16 млрд сомдон ашык насыя алышты

Президенттин алдында ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзгөн кеңешме түзүү сунушталууда

Айылдарды өнүктүрүү үчүн 1,5%дык насыя берилет

Кыргызстандын беш компаниясы Стамбулдагы "Халал Экспо - 2026" көргөзмөсүнө катышууда

Бишкек жана Тбилиси шаарларынын кызматташтыгы сүйлөшүлдү