Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду
КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк Бишкек шаарындагы 6 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, төмөнкү төрт алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети 2026-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду:
- “Милан Обмен” ЖЧК;
- “МЭФФ КЭШ” ЖЧК;
- “Престиж Мани А” ЖЧК;
- “Гранд Моней” ЖЧК.
Мындан тышкары, “Кейджи 098” ЖЧК алмашуу бюросунун лицензиясы 12-сентябрдан 16-сентябрды кошо алгандагы мезгилге токтотулду. Ошондой эле «Жетиген и Ко» ЖЧК алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети 12-сентябрдан 26-сентябрды кошо алгандагы мезгилге токтотулду.