Казакстан Кыргызстан менен чек аралык QR-төлөмдөрдү кеңейтүүнү пландоодо

Казакстан Кыргызстан менен чек аралык QR-төлөмдөрдү кеңейтүүнү пландоодо

Казакстан Кыргызстан менен чек аралык QR-төлөмдөрдү ишке киргизүүнү даярдап жатат. Бул система аркылуу казакстандыктар Кыргызстанда өздөрү колдонгон банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөй алышат.

Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Бинур Жаленов Central Asia Fintech Summit 2026 иш-чарасында билдирди. Анын айтымында, Казакстан учурда 11 өлкө менен, анын ичинде Кыргызстан, Кытай, Индия, Бириккен Араб Эмираттары жана Өзбекстан менен чек аралык төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча иш алып барууда.

Планга ылайык, колдонуучу чет өлкөдө соодагердин QR-кодун өзүнүн банктык тиркемеси аркылуу сканерлеп, төлөм жүргүзө алат. Ошол эле механизм аркылуу чет өлкөлүк жарандар Казакстанда товар жана кызматтар үчүн төлөй алышат.

Казакстандын Улуттук банкы мындай төлөмдөрдүн комиссиясын өзү белгилебейт. Анын өлчөмүн банктар өздөрү аныктайт.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда QR-төлөмдөрдүн айрым механизмдери буга чейин эле иштеп келет. Мисалы, O!Bank жана Kaspi.kz кызматташтыгынын алкагында Kaspi.kz кардарлары Кыргызстандагы ELQR стандартына кошулган соода түйүндөрүндө QR аркылуу төлөй алышат. Кыргызстандын колдонуучулары да Казакстанда Kaspi QR аркылуу төлөм жүргүзө алышат.

Мындан тышкары, 2026-жылы «Элкарт Мобайл» Alipay+ системасы менен интеграцияланып, кыргызстандыктарга Казакстанда жана башка өлкөлөрдө QR аркылуу төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media