Бишкекте кыргыз-кытай кызматташтыгынын жаңы багыттары каралды

Бишкекте кыргыз-кытай кызматташтыгынын жаңы багыттары каралды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Коргоо министри, Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү адмирал Дун Цзюнь менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Белгиленгендей, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин буга чейинки жолугушууларында жетишилген макулдашуулардын негизинде эки өлкөнүн кызматташтыгы акыркы жылдары ар кыл тармактарда ыкчам өнүгүүдө.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан акыркы беш жыл ичинде туруктуу экономикалык өсүшкө жетишкенин белгилеп, бул багытта Кытай инвестицияларынын маанилүү ролу бар экенин айтты. Анын айтымында, Кыргызстан Кытайды негизги стратегиялык өнөктөштөрдүн бири катары карайт жана кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар.

“Биз соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жана коргонуу тармагында кызматташууну кеңейтүүгө умтулабыз. Эл аралык уюмдардын алкагында да активдүү иш алып баруудабыз”, – деди ал.

Өз кезегинде Кытайдын Коргоо министри Дун Цзюнь Кытай өкмөтүнүн саламын жолдоп, эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде аскерий жана коопсуздук багытындагы өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү маанилүү экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Дун Цзюнь Кыргызстанга Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин жыйынына катышуу үчүн келген. Быйыл бул уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 110 миң сом айып пул салынды

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 110 миң сом айып пул салынды

Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төлөм уюму жоопко тартылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмдардын бирине жалпы суммасы 110 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2026-жылдын 12-июнуна карата Улуттук банктын лицензиясын алган төлөм уюмдарынын реестринде 57

Бишкектеги Элебесов көчөсү 4 тилкелүү болуп кеңейтилет

Бишкектеги Элебесов көчөсү 4 тилкелүү болуп кеңейтилет

“Дордой” базарынын аймагындагы жол инфраструктурасын оңдоп-түзөө долбоорунун экинчи этабынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жакынкы күндөрү жасала турган Элебесов көчөсүндө болду. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, долбоорго ылайык, узундугу 1,5 чакырымды түзгөн тилке оңдолуп, жолдун жүрүүчү бөлүгү төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Жолдун туурасы 20

Тоголок алтын кенинин башкы объектилерин кытайлык компания курат

Тоголок алтын кенинин башкы объектилерин кытайлык компания курат

“Кумтөр Голд Компани” Тоголок алтын кенин өздөштүрүү долбоорунун негизги өндүрүштүк объектилерин курууну кытайлык “China Nerin Engineering Co., Ltd.” компаниясына тапшырды. Компания долбоорлоодон тартып объектилерди пайдаланууга берүүгө чейинки бардык иштерди аткарат. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтан билдиришкендей, ачык сынактын жыйынтыгында аталган компания алтын ылгоочу фабриканы, калдык сактоочу жайды, вахталык шаарчаны жана кенди

Кыргызстанда 39 миңге жакын жаңы жумуш орундары ачылды

Кыргызстанда 39 миңге жакын жаңы жумуш орундары ачылды

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи чейрегинде 38 891 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында белгиленген. Билдирүүгө караганда, жаңы түзүлгөн жумуш орундардын 33 318 туруктуу, 1 698 сезондук жана 3 875 убактылуу жумуш орундарын түздү. Ошол эле учурда өлкө боюнча 1 574 жумуш орду жоюлган. Аймактар арасында эң