Марат Тагаев кызматтан кетти
Марат Тагаев Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу туруктуу өкүлү болуп дайындалганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ТҮРКСОЙдун башкы кеңсеси Анкарада жайгашкан.
Марат Тагаев 2023-жылдын 6-февралынан тарта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеген. Ал жаштар саясатын, маалымат жана кинематографияны жетектеген.
Эске салсак, Тагаев министрдин орун басалыгына келгенге чейин айрым басма сөз каражаттарында кабарчы болуп иштеген.