МинКаб жер участокторун берүү боюнча жаңы өзгөртүүлөрдү кабыл алды

МинКаб жер участокторун берүү боюнча жаңы өзгөртүүлөрдү кабыл алды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине шайкеш келтирүү максатында Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомдун долбоору каралып, жактырылды.

Бул маселе боюнча Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин баяндамасы угулду.

Кабыл алынган чечимге ылайык, муниципалдык жана мамлекеттик менчиктеги жер участокторун берүү, запастагы жерлерди пайдалануу жана жер кадастры боюнча жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди.

Ошондой эле жаңы редакциядагы Жер кодексине ылайык жер участокторун берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, электрондук форматтагы кызматтарды киргизүү жана мамлекеттик менен муниципалдык жерлерди натыйжалуу пайдалануу каралган.

Адылбек Касымалиев бул токтом өзгөчө улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн