Чолпон-Атада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аймак жетекчилери жолугат
27-29-май күндөрү Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин аймактарынын жана шаарларынын жетекчилеринин жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, форумдун жүрүшүндө аймак жетекчилери, өкмөт өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү соода, инвестиция, логистика жана туризм тармактарындагы конкреттүү долбоорлорду талкуулашат.
Иш-чаранын негизги практикалык жыйынтыгы катары аймактар аралык кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалууда.
Форум ШКУнун 25 жылдыгына карата уюштурулуп, Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын алкагында “ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү үчүн бирге” деген ураан алдында өтөт.
Жолугушууга Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь жана Иран мамлекеттеринин делегациялары, ошондой эле ШКУнун катчылыгынын өкүлдөрү катышат.