Диний ишмерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Диний ишмерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, республиканын руханий потенциалын өнүктүрүүгө, Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 30 жылдыгына байланыштуу сыйланышты: 

“Даңк” ордени менен:

Закиров Абдулазиз Назирбекович – Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи;

Ракиев Замир Шейшенбекович – Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы; 

“Ардак” медалы менен: 

Ахунбаев Ырысбай Мустапаевич – диний ишмер, “Көлмө медресе” диний окуу жайынын директору, Бишкек шаары;

Ибраев Марс Каипович – Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү;

Таштанов Жеенбек Джумабаевич – Жусуп Баласагын атындагы Ислам Диний Уюмунун негиздөөчүсү;

Туяков Сражидин Рахманкулович – диний ишмер, “Абдуллах ибну Масъуд атындагы медресе” мекемесинин мугалими.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?