Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Кыргызстан менен Түркмөнстан парламенттик алакаларды күчөтөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын иш-чараларынын алкагында Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы Дуньягозель Гулманова менен жолугушуу өткөрдү.

Парламенттен билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн стратегиялык өнөктөштүгүн, парламенттер аралык байланышты жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Марлен Маматалиев Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн туруктуу саясий жана парламенттик диалогго өзгөчө маани берерин белгиледи. Ошондой эле ал парламенттик делегациялардын жана достук топторунун өз ара сапарларын активдештирүүнү сунуштады.

Төрага Кыргызстан Түркмөнстанды маанилүү соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөш катары көрөрүн айтып, 2020–2024-жылдары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 8,4 эсеге өскөнүн белгиледи.

Өз кезегинде Дуньягозель Гулманова эки өлкө ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын айтып, өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча алакаларды кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, ал Кыргызстан тарапты 2026-жылы Ашхабад шаарында өтө турган КМШ ПААнын жыйынына катышууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн