Кыргызстандагы эң алыскы мектептердин бири Starlink интернетине кошулду

Кыргызстандагы эң алыскы мектептердин бири Starlink интернетине кошулду

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев видеоконференция форматында Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу Эңилчек айылындагы мектепте жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернеттин ишке киришине расмий старт берди.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, географиялык өзгөчөлүктөргө жана жер үстүндөгү байланыш инфраструктурасынын жоктугуна байланыштуу буга чейин интернетке туташа албаган Эңилчек айылындагы мектеп Starlink спутниктик системасы аркылуу кошулган өлкөдөгү биринчи социалдык объект болду.

Адылбек Касымалиев окуучуларды жана мугалимдерди маанилүү окуя менен куттуктап, билим берүүнү санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ошондой эле мектепке окуу процессин жакшыртуу үчүн 5 заманбап компьютер тапшырылды.

Министрлер Кабинетинин башчысы Агартуу министрлигине мектепти мамлекеттик маалыматтык системаларга ыкчам интеграциялоону, ошондой эле санариптик билим берүү ресурсторуна жана электрондук базаларга толук жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну тапшырды.

Анын айтымында, учурда өлкөдө интернетке кошула элек болгону 6 мектеп калган жана аларды туруктуу байланыш менен камсыз кылуу жакынкы мезгилдеги негизги милдеттердин бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 23-майынан тартып Кыргызстан расмий түрдө Starlink глобалдык камтуу картасына кирди. Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин геостационардык эмес спутниктик системаларды пайдалануу боюнча пилоттук долбоор тууралуу жарлыгынын негизинде ишке ашырылууда.
Учурда SpaceX компаниясы мамлекет тарабынан коюлган бардык техникалык жана юридикалык талаптарды аткарган оператор катары долбоорду ишке киргизди. Ошол эле учурда Министрлер Кабинети спутниктик интернет кызматтарын көрсөтүүдө ачык атаандаштык принциптерин колдой турганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн