Жергиликтүү бийликтин ишин жакшыртуу боюнча Жарлык кабыл алынды

Жергиликтүү бийликтин ишин жакшыртуу боюнча Жарлык кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иш алып баруу натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Жарлыкка кол койду.

Документ жарандардын кайрылууларын өз убагында кароо, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

Жарлыкка ылайык, жергиликтүү бийлик органдарында түз телефон байланыштары уюштурулуп, көчмө жеке кабыл алуулар өткөрүлөт. Ошондой эле коомдук кабылдамаларды түзүү, санариптик сервистерди өнүктүрүү жана "ишеним телефондорунун" ишин жакшыртуу каралган.

Мындан тышкары, жарандар жана юридикалык жактар менен иштөөдө кызмат адамдарынын кызматтык этикасын жана жоопкерчилигин күчөтүү боюнча чаралар белгиленди.

Документте мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, калк менен кайтарым байланыштын заманбап санариптик механизмдерин киргизүү жана жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.

Жарлыкка ылайык, маалыматтык коопсуздук талаптарын сактоо менен мамлекеттик органдардын калк менен өз ара аракеттенүүсүндө санариптик платформаларды жана интернет-сервистерди пайдалануу кеңейтилет.

Ошондой эле Башкы прокуратурага укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу жарандардын арыз-даттанууларына, анын ичинде ЖМКларда жана интернетте жарыяланган материалдарга туруктуу мониторинг жүргүзүү тапшырылды. Мыйзам бузуу фактылары аныкталса, күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүлөт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн