Адылбек Касымалиев ИИМдин жаңыланган объектилери менен таанышты

Адылбек Касымалиев ИИМдин жаңыланган объектилери менен таанышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин бир катар объектилерине иш сапары менен барып, жүргүзүлгөн реконструкция жана техникалык жаңылоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулду.

Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы “Шумкар” атайын багыттагы полкунда болуп, жаңыланган инфраструктураны көрдү. Анда жаңы казарма курулуп, жабык мини-футбол аянтчасы, спорт залы жана кызматтык кабинеттер толугу менен реконструкцияланган.

Ошондой эле бөлүмдүн аймагында оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөнү маалымдалды.

Адылбек Касымалиев кызматкерлер үчүн түзүлгөн заманбап шарттар алардын физикалык жана кесиптик даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Мындан тышкары, ИИМдин Эксперттик-криминалисттик кызматынын жаңыланган лабораториясы көрсөтүлдү. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун айтымында, лаборатория жогорку технологиялык жабдуулар менен камсыз болуп, молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдү так жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кызматка ошондой эле кылмыштарды ачуу процессин ылдамдаткан “ПОИСК” автоматташтырылган баллистикалык системасы жана “Сонда” дактилоскопиялык системасы киргизилген.

Андан соң Министрлер кабинетинин төрагасы Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын капиталдык оңдоодон өткөн имаратын текшерди. Имаратта инженердик коммуникациялар толугу менен жаңыланып, жарыктандыруу жана электр камсыздоо системалары алмаштырылган.

Сапардын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев укук коргоо органдарынын инфраструктурасын жакшыртуу милициянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн