ИИМге 370 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды

ИИМге 370 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигине жаңы кызматтык автоунааларды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМге заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган 370 автоунаа берилди.

Иш-чарада сүйлөгөн Адылбек Касымалиев коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул аралыкта ИИМ системасы үчүн 280 жаңы имарат курулуп, 300гө жакын объект реконструкцияланган.

Министрлер кабинетинин төрагасы “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында республика боюнча 10 миңге жакын видеокөзөмөл камерасы орнотулганын билдирди. 2026-жылдын аягына чейин алардын санын 20 миңге жеткирүү пландалууда.

Ошондой эле ал заманбап техника кесипкөй жана принципиалдуу кадрлардын колунда гана натыйжалуу иштей турганын белгилеп, милиция кызматкерлерин мыйзамдуулукту так сактоого чакырды.

Иш-чаранын соңунда Адылбек Касымалиев укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызматтагы берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн