Садыр Жапаров ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйынына катышууда

Садыр Жапаров ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйынына катышууда

Президенти Садыр Жапаров 29-майда Астана шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын алдында Көз карандысыздык сарайында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземи болуп өттү.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону, Армения Республикасынын Вице-премьери Мгер Григорянды, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаевди тосуп алды.

Катышуучулар биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин, тар курамдагы жыйын өткөрүү үчүн залга өтүштү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады