Садыр Жапаров Бишкекте “Элдик банктын” жаңы башкы кеңсесин ачты

Садыр Жапаров Бишкекте “Элдик банктын” жаңы башкы кеңсесин ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында "Элдик банктын" жаңы башкы кеңсесинин ачылышына жана Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысы алгач банктын жаңы имараты менен таанышып чыкты. Заманбап талаптарга ылайык курулган алты кабаттуу кеңседе кардарларды тейлөө зоналары, кызматкерлер үчүн жумуш орундар, эне жана бала бөлмөлөрү, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын шарттар түзүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө Президент Кыргызстандагы аманат ишмердиги 1925-жылы негизделгенин белгилеп, бүгүнкү күндө ал заманбап жана туруктуу банк системасына айланганын айтты.

Садыр Жапаров өлкөдө санариптик технологияларды өнүктүрүүгө, каржы системасын модернизациялоого жана жарандар үчүн заманбап финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Президенттин айтымында, учурда 80 миллиард сомдон ашык капиталы бар "Элдик банк" улуттук маанидеги энергетикалык, транспорттук жана социалдык долбоорлорду каржылоого активдүү катышууда.

Ошондой эле Мамлекет башчысы банктын жетишкендиктерине токтолуп, быйыл Лондон фондулук биржасында 500 миллион долларлык еврооблигациялар ийгиликтүү жайгаштырылганын жана "Элдик банк" Жашыл климаттык фонддон аккредитация алганын белгиледи.

Президент банктын жамаатын мааракеси менен куттуктап, мындан ары да каржылык туруктуулукту чыңдоо жана инновациялык чечимдерди ишке ашыруу багытындагы иштерди улантууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу министрлер мабинетинин басма сөз кызматы билдирди. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Ал Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, объект жаңы окуу жылына карата пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, мектептин курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 226 млн сомду түздү. Жаңы мектеп заманбап талаптарга