Президент Пакистанга жаңы элчи дайындады
Айдит Эркин Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Нидерланды Королдугундагы жана Люксембург Улуу Герцогдугундагы элчиси, ошондой эле КР Европа Бирлигиндеги Туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду.
Президенттин администрациясынан билдиргендей, Айдит Эркин Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыктарга өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, Айдит Эркин аталган кызматка 2024-жылы апрель айында дайындалган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу