Кыргызстан менен Түркия киберкылмыштуулукка каршы кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Түркия киберкылмыштуулукка каршы кызматташууну кеңейтет

Кыргызстандын жана Түркиянын өкүлдөрү Анкарада жолугуп, коопсуздук, укук коргоо органдарынын кызматташуусу жана кыргызстандык милиция кызматкерлерин окутуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жана Ички иштер министрлигинин Түркиядагы өкүлү Манас Аманбаев Түркиянын Коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысы Али Фидан менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн коопсуздукту камсыздоо, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, кыргызстандык милиция кызматкерлерин Түркияда окутууну улантуу жана киберкылмыштуулукка, экстремизмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү, ошондой эле коомдук тартипти камсыздоо боюнча биргелешкен окуу программаларын кеңейтүү тууралуу макулдашылды.

Мындан тышкары окуңуз

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталып, мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мындай сунуш Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан киргизилүүдө. Долбоорго ылайык, маркумдун сөөгүн мыйзамда белгиленген тартипте көмүү үчүн жер тилкеси берилбестен, көрүстөнгө же мүрзөнүн жанына өз алдынча көмүү, ошондой эле жабык көрүстөнгө көмүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү

Өлкөдө алгачкы роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

Өлкөдө алгачкы роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

Бүгүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандагы алгачкы роботтоштурулган хирургиялык системанын презентациясы өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов жана Нилуфар Алимжанова, медициналык коомчулуктун өкүлдөрү жана КММАнын окутуучулары катышты. Конокторго системанын иштөө принциби жана

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

17-сентябырда саат 09:00дөн - 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Өчүрүү району: эски аэропорттун аймагы, Ч. Айтматов проспектиси, Токтоналиев көчөсү, Т. Океев көчөсүндө болот. Бишкексууканал  муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда,

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарын облусунун Нарын районундагы Мин-Булак айыл аймагында эки комбайн сатып алууда мамлекетке 4 млн 945 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу мамлекеттик сатып алуулардын жүрүшүндө аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү Кыргызстандын Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын корутундусу менен белгиленген.