Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардарини расмий тосуп алды

Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардарини расмий тосуп алды

Бүгүн Чолпон-Атада Президент Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуу аземи өттү.

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, салтанаттуу азем “Рух-Ордо” маданий борборунда уюштурулуп, анда Кыргызстан менен Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилди. Иш-чарага 40 этно-жоокер катышты.

Расмий саламдашуудан кийин мамлекет башчылары Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң лидерлер Ардак кароолдун катарын кыдырып чыгып, Пакистандын президенти Асиф Али Зардари аскер кызматкерлерине салам жолдоду.

Мындан кийин эки өлкөнүн лидерлери расмий делегациялардын мүчөлөрү менен таанышып, протоколдук сүрөткө түшүштү.

Расмий аземден соң Садыр Жапаров менен Асиф Али Зардари №2 мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холлунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөргө өтүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Калифорниянын Купертино шаарындагы Стив Жобс театрында Apple компаниясынын жаңы өнүмдөрүнүн бет ачары болуп өттү. Иш-чараны компаниянын жаңы дайындалган башкы директору Джон Тернус биринчи жолу өткөрдү. Бул тууралуу Газеты.Ru басылмасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, бет ачардын жүрүшүндө Apple компаниясы өзүнүн алгачкы бүктөлмө смартфонун — iPhone Duo моделин тааныштырды. Аппарат ачылган учурда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жана өз алдынча курулуш жүргүзүүгө жол бербөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жатат. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билиришти. Маалыматка ылайык, Ленин районунда 11-августтагы текшерүүдө мыйзам талаптарын бузган

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында финансы секторунун кирешеси 166,8 млрд сомду түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларында өлкөнүн финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 166,8 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,7 млрд сомго же 60,3%га көп. Бул мезгилде финансы секторунун жалпы чыгымдары 102,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.  Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды. Өкмөттүн