УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков 2 айга камакка алынды

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков 2 айга камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.

Маалыматка таянсак, ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгы үчүн жасалган же оор кесепеттерге алып келген коррупция) боюнча айып тагылган.  Эске салсак, У.Шадыбеков бир күн мурда кармалган.

Уранбек Шадыбеков 2026-жылдын февраль айында атайын кызматтагы кеңири кадрдык өзгөрүүлөрдөн кийин УКМК төрагасынын орун басары жана киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун жетекчиси болуп дайындалган. Буга чейин ал улуттук коопсуздук органдарында эмгектенип келген. 8-июнда президенттин жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошотулган.

 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Күздүк ным топтоо сугаты 96% аткарылды

Кыргызстан менен Канаданын ишкердик кызматташтыгы кеңейтилет

Караколдо 1000 орундуу конгресс-холл курулууда

Улуттук банк коммерциялык банктар үчүн жаңы токтом кабыл алды

Садыр Жапаров: "Экономикабыз өнүгүү жолуна түштү"