Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга келди

Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга келди

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчысын Ысык-Көл эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда өтөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чет өлкөлөрдө 837,8 миң кыргызстандык мигрант бар

Бишкек акыр-чикирден тазаланды

"Сулайман-Тоодо" реконструкциялоо иштери башталды

Чоң Чүй каналынын жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда