Кыргызстандын ички рыногу корголгон эмес — өндүрүш тармагындагы ишкерлердин көйгөйү

Кыргызстандын ички рыногу корголгон эмес — өндүрүш тармагындагы ишкерлердин көйгөйү

Economist.kg кыргызча басылмасынын негизинде түзүлгөн ИШКЕР MEDIA аймактагы бизнеске басым жасап, алардын ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери менен катар көйгөйлөрүн да чагылдырып келет. Ар бир маекте дээрлик ишкерлердин баары бирдей эле көйгөйлөрдү айтышат. Алардын эң башында ички рыноктун корголбогондугу, каржылоо жана ижара маселеси турат. Импорттук товарлар фильтрден өтпөй, ички рынок корголбогондуктан алар баа саясатында ички өндүрүшкө атаандаш болуп, терс таасирин тийгизишүүдө.

Мисалы, Кыргызстандын түштүгүндөгү бизнестин өндүрүү тармагынын ишкерлери өзбекстандык товарлардын баасына атаандаша албай жатканын айтышты. Алардын бири Кыргызстанда медициналык, инсулиндик шприцтерди өндүргөн ата мекендик "МЕДИМПЭКС" ишканасынын жетекчиси Канатбек Кадыров чыгарган продукциясы сапаттуу болгондугуна карабастан, өзбекстандык атаандаштарына араң туруштук берип келерин билдирди.

Ишкер Канатбек Кадыровдун айтымында, Өзбекстан мамлекеттин талабы менен өзү өндүргөн товарларын өзүнүн баасында экспортко чыгарат.

"Колдон келсе чет элден бизге эч нерсе алып кирбеш керек. Мен Өзбекстанга барып, алардын көпчүлүк заводдору менен таанышып чыктым. Алар товарларын башка өлкөлөргө өзүнүн чыккан баасында сатышат экен. Кантип пайда таба тургандыгын сурасам, "биздин өкмөтүбүздүн ушундай сунушу бар, чет өлкөлөргө өзүнүн чыккан баасында валютага саткыла, силер таба турган пайданы улуттук акчада биз беребиз, мамлекетке чет элдик валютанын түшкөнү эле чоң пайда" деп кирешесин чыгарып берүүнү мамлекет мойнуна алганын айтышты", — дейт ишкер.

Натыйжада, ал товарлар Кыргызстанга келип, жергиликтүү өндүрүшчүлөргө баа жагынан эң чоң атаандаш болууда.

"Азыр карасаңар, Кытайдан келген шприцтер 5-6 сомдон, Өзбекстандыкы аябай арзан 2-3 сомдон. Бүгүнкү күндө биз дээрлик өздүк наркы менен сатып жатабыз. Себеби, өзбекстандык конкуренттерге араң туруштук берип жатабыз.
Дагы кызык жери, Өзбекстандан же Кытайдан Кыргызстанга шприц алып келсеңиз дагы эч кандай төлөм жок. Бирок биз Өзбекстанга алып кирсек, КНС төлөйбүз. Биздин базарыбыз бул жагынан дагы корголгон эмес", — дейт ал.

Ошондой эле шприц чыгарган ишкананын негиздөөчүсү мамлекеттик тендерлерде баанын айынан чет элдик ишканалар жеңип, жергиликтүү өндүрүш калып кеткенин айтат.

"Мисалы, сен Өзбекстандын товарын алып келдиң, мен Кыргызстандыкын алып келдим. Алардын өндүрүшүн мамлекети колдогондуктан товарлары арзан. Баары биздин мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланат, ал жактан арзан деп Өзбекстан же Азербайжандыкын алышат.
Бир абсурд нерсени айткым келет, 2022-жылдын май айларында бир оорукана койгон тендерге катышып, үч тыйынга (!) биз жеңилип, чет элдик товар алынды. Анан кантип ата мекендик өндүрүштү колдоп жатышканын айта аласың?
Өзбекстанда 80ге жакын товарды өзүбүздө бар деп такыр киргизишпейт экен, Россияда 800гө жакын товарларды алып кирүүгө тыюу салат. Бизде эч бир нерсеге тыюу жок. Мен жогоруда айтпадымбы, эгер чет мамлекеттен шприцти алып келсеңиз, эч кандай төлөм төлөнбөйт, жөн эле алып келип сата берсеңиз болот. Башка мамлекеттер ички рыногун өтө катуу коргошот! Бизде ал дагы жок болуп жатпайбы", — деди Канатбек Кадыров.

Дагы бир ушундай эле көйгөйдү "Шоро", "Газпром", "Эйр Астана" компанияларына алардын соода маркасы менен Кыргызстандын мөмө-жемиштеринен сапаттуу батончиктерди жасап берген Advantex компаниясынын башчысы Асыл Куменов ИШКЕР MEDIA басылмасына маек куруп жатып сөз кылды.

Ал бүт ишканаларга, айрыкча, тамак-аш өндүрүшүнө жеңилирээк тарифтер, өзүнчө преференциялар берилсе, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү мамлекет коргоого алса жакшы болмок деген пикирин айтты.

"Мисалы, ошол эле батончиктер Россиядан келет, региондордо мөөнөтүнөн өтүп кеткендери өз наркынан ылдый баада сатылат. Башкача айтканда, рынок корголгон эмес. Алар менен кантип атаандашабыз, алардын гигант заводдору бар.
Мөөнөтү өтүп кеткен азыктарын бизге арзан баада өткөрүп салышат, мен өз көзүм менен көрүп эле жүрөм. Кандайдыр бир жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү коргогон, колдогон, импортту фильтрден өткөргөн бир мыйзам долбоору болсо жакшы болмок", — деди Куменов.

Ал эми өлкөнүн түштүгүндө кондитертик цехтерди, жыйырмадан ашык фирмалык дүкөндөрүн ачып, үч жүздөн ашык жаранды жумуш менен камсыз кылып келген Оштогу "Барбол" компаниясынын негиздөөчүсү Канатбек Акаев ИШКЕР MEDIA менен маектешип жатып эмне үчүн Өзбекстандын шириндиктери Кыргызстандын рыногун ээлеп алганын, ата мекендик өндүрүшчүлөргө эмнеси менен коркунуч жаратып жатканын айтты.

"Сырттан кирип жаткан таттуулардын баары биз үчүн чоң конкурент. Россиядан, Өзбекстандан кирип жаткан таттуулар биздин рынокту ээлеп алышкан. Биз аларга атаандаш боло албай жатабыз. Өзбекстан тараптан көп коркунуч бар, алар биздин рынокту дагы көбүрөөк ээлеп алышы мүмкүн. Учурда алар Казакстандын, Россиянын рыногуна кирип жатышат".

Анын айтымында, Россиядан келип жаткан "Яшкино" сыяктуу таттуу азыктарга да атаандаш болуу кыйын.

"Ал эми Өзбекстандан арзан баада көп келген үчүн биздикин кымбат дегендер бар. Өзбекстанда баары арзан, анан калса, мамлекет бизнеске жер, имарат маселесин чечип берген үчүн алардын азыктары арзан болуп, бат өнүгүп жатышат", — деди ал.

Шекер сыяктуу чийки заттар Россияда арзан, чыгарган азыктарынын да өз наркы төмөн болуп, натыйжада, ал Кыргызстанга келип, атаандаш болуп калып жатышат.

"Биз алардын баасына туруштук бере албай жатабыз. Биз аларга карап арзандата турган болсок, өзүн өзү актабай ишкана жабылып калышы мүмкүн", — деди Канатбек Акаев.

Дагы бир пластик иштеткен ишкер маегинде кошуна мамлекеттен келген товарлар аткезчилик жол менен кирип жатат деген пикирин айтты.

"Алар салык төлөп кирип, ээлебей эле да, контрабанда менен кирип жатышат. Өзбекстандан келгиче транспортировка бар, КНС, сатуудан салык, дистрибуция бар, ошолорго кошулуш керек болчу. Аларга деле рентабелсиз болуп калат, контрабанда менен кирбесе. Биздин мамлекет аларга шарт түзүп берип жатат.
Мамлекет кыргызстандык ишкерлерге арбитр болуш керек, ар бир ишкерге бирдей шарт түзүлгөндө гана конкуренция адилеттүү болот", — деди ишкер.

Дагы бир топ ишкерлер жогоруда айткандай, рыноктун корголбогон көйгөйү менен катар ижара маселесин, социалдык төлөмдөрдүн чоң тарифтерин, банктан насыя алууда күрөө маселеси курч турганы тууралуу айтышты.

 

Мындан тышкары окуңуз

Швейцария Каракол лыжа базасын өнүктүрүүнү колдойт

Швейцария Каракол лыжа базасын өнүктүрүүнү колдойт

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли Каракол шаарында өтүп жаткан лыжа тебүү боюнча тренингге катышты. Элчиликтин маалыматына ылайык, бул иш-чара 2022-жылдан бери Швейцария тарабынан Кыргызстанда колдоого алынып келе жаткан кышкы туризмди өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюштурулган. Сапар учурунда элчи кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн бир гана инфраструктура жетишсиз экенин белгиледи. Анын айтымында, жогорку

"Тез жардам" медицна борборуна дагы 40 унаа сатылып алынат

"Тез жардам" медицна борборуна дагы 40 унаа сатылып алынат

Быйыл жаңы 40 тез жардам унаасы келерин “Кабар” агенттигине берген маегинде Тез жардам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирди. Анын айтымында, унаа каражаттары эки этап менен жеткирилет. “Быйыл министрлик 40 жаңы тез жардам унаасын алып бергени турат. Бул унаалар келсе, ишибиз жеңилдейт деп турабыз. Мэрия бизге Маевка жана Жал айылдарынан

Президент жеңил өнөр-жай тармагынын көйгөйлөрүн чечүүнү тапшырды

Президент жеңил өнөр-жай тармагынын көйгөйлөрүн чечүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы жеңил өнөр-жай тармагынын, анын ичинде тигүү, маркетплейстер, логистикалык компаниялар, банктар жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңейтилген жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда сектордун негизги көйгөйлөрү көтөрүлдү — каржылоого жеткиликтүүлүк, логистикалык чектөөлөр, экспорттук шарттар жана технологиялык жаңылануу маселелери. Катышуучулар тармакты ылдам өнүктүрүүгө жана тоскоолдуктарды жоюуга багытталган сунуштарын беришти. Мамлекет башчыс

Кыргызстандыктардын чет өлкөдө эс алуу табити өзгөрдүбү?

Кыргызстандыктардын чет өлкөдө эс алуу табити өзгөрдүбү?

Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөдө эс алууга жумшаган чыгымдары, болжолдуу маалыматтар боюнча, 423,3 млн долларды түзгөнү Улуттук статистика комитетинин материалында келтирилген. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1%га төмөндөгөн. Ошону менен бирге, туристтик рыноктун катышуучулары кыргызстандыктардын чет өлкөлүк багыттарды тандоодогу табити өзгөргөнүн белгилешүүдө. Буга чейин