“Эч ким мага ишенген жок, а мен өз идеяма гана ишендим” - Айгүл гүлүн кыргыз брендине айланткан ишкер айымдын таржымалы

“Эч ким мага ишенген жок, а мен өз идеяма гана ишендим” - Айгүл гүлүн кыргыз брендине айланткан ишкер айымдын таржымалы

Баткен облусунун Лейлек районунан чыккан ишкер айым Каныкей Батырова бүгүнкү күндө Кыргызстанда люкс даражасындагы брендди түзүп, аны дүйнөлүк деңгээлге чыгарууну максат кылууда. Мурда Москва шаарында мигрант болуп жүрүп, кыргыз жараны катары мекенине салымын кошуу кыялы азыр ишке ашып, кыргыз брендин жаратууга үлгүрдү.

Ишкер айым кыялындагы нерсеге жетиш үчүн убагында материалдык жана моралдык жактан жабыркап, айланадагылардын ишенбөөчүлүгү, жолдошу менен ажырашууга чейин баргандыгын “Ишкер медиага” берген маегинде баяндап берди.

 Кыялдар канат байлаганда

Кесиби боюнча, экономист болгону менен Каныкей Батырова бала кезинен модага кызыгып, бул хоббиси анын келечек турмушуна чыйыр салаарын кезинде ойлогон эмес. Москвада ишкер болуп бир катар тармакта иштеп, өз алдынча киреше таап жүрүп, чоң сүйүүгө кабылганда, турмушуна олутуу өзгөрүү кирген. Айтымында, сүйгөнү колун сурап, үйлөнгөн кезде үйдө отуруу шартын койгондо, татаал жана маанилүү тандоону жасоого туура келген.

““Мен үйдүн кичүүсүмүн, мага турмушка чыксан -  үйдө олтурасын” деди. Алгач мен олтурбайм деп, баш тарттым. Бирок сүйүү бар экенин түшүнгөн соң, шартына көндүм. Анан - кечке үйдө олтуруп, жинди болуп калбаймынбы, деп ойлондум. Өзүмдү уксам, кичине кезимден дизайн жагына кызыкчум. Белгилүү дизайнер В.Зайцевдин “Модный дом” деген берүүлөрүн көрчүм. Эжелеримдин көйнөктөрүн кесип өзүмө көйнөк тигип, күндүз кийе албасам да, түндө жатканда кийип алчым. Анан ошону эстеп туруп, кийин бала-чакага, өзүбүзгө кийим тиге берем деп ойлоп - ушул жакты окуп алайын деп чечтим” – дейт ишкер өзүнүн ишкердик жолунун башталышын эстеп жатып.

Москвадан дизайнер-тигүүчү кесибин алуу үчүн Батырова бир катар окуудан өткөн. Алардын ичинен эң маанилүүсү - Россиядагы дүйнөлүк кутюрье-дизайнер Вячеслав Зайцевден алган сабагы болгонун ишкер айым сыймыктануу менен белгилейт.

Зайцевде окуп бүткөндөн кийин эле, Москвадагы Кыргызстандын элчилигинен Казань шаарында этно мода көрсөтүү болот, катышасыңбы? Бирок 2 жума эле калды - деп сунуштап калышты. Мен ойлонбой эле “катышам, үлгүрөм”- дедим. Анан КРдеги кесиптештерге этно кийимдерди 2 жумада даярдап бере аласыңарбы? - десем, баары “жок” деп коюшту. Мен сөз берип койгондон кийин уят болбоюн дедим. Ошондо 2017-жылы, биринчилерден болуп - Айгүл гүлүн, Ысык-Көлдү, Ала тоону кездемеге принт кылып түшүрүп, “Радуга ала тоо” деген коллекция менен мода көрсөтүүгө катышып, “Оригиналдуу стиль” деген номинацияны жеңип алдым.

Каныкей Батырованын айтымында, ошондон 1-2 жыл өткөндөн кийин Кыргызстандагы башка дизайнерлер анын идеясына таандык болгон Айгүл гүлүн жана башканы принт кылып, кийимдерди чыгара баштаган. Ошондо ишкер айым, автордук укугун коргоп албагана өкүнгөн. Бирок, турмушка чыгып, балалуу болуп, үйдө олтурса деле өзүнө таандык бул идея тынчын алып, Айгүл гүлүн башкача ачып берүүгө үндөгөн.

"Ойлоп олтурсам, Кыргызстанда канча алтыныбыз, зер буюмдарыбыз чыкча деле арасында кыргыз бренди жок экен. Дүйнөлүк бренддер "Bulgari" – жыланды бренд кылды, "Cartier" болсо - мыкты бренд чыгып жатат, анан мен дагы Кыргызстанда Айгүл гүлүбүздү бренд кылып чыгайын деп, зер буюмдарды чыгарып баштадым"- дейт ишкер айым

Кыйынчылык жана тобокелдиктер

Бирок кыялды ишке ашыруу кыйын болгонун Батырова жашырбайт. Анын айтымында, бул идея - ири каражатты жана зор эмгекти талап кылып, убагында үй-бүлөлүк мамилеге да таасирин тигизип, жолдошу менен ажырашып кете турган абалга да жеткен.

"Алгач эч ким мага ишенген жок, а мен өз идеяма ишене бердим. Көпчүлүк чебер-усталар “жасабайбыз, сен кайра-кайра кылдыра берет экенсиң. Сен минтип жүрсөң эч нерсе кыла албайсың, жарыбайсың" - деп, ыйлаткан күндөр болду. Айгүл гүлүбүздү иштеп чыгып жатканда, чындап эле биз аны 20 жолу жасадык, кайра-кайра оңдоп жатып, анан ушундай идеалдуу, дүйнө жүзү да кабыл ала тургандай эстетикалык формага келди", - дейт Каныкей.

 Алтын кошулган бренд

Чындап эле, айымдарга арналган Айгүл шакеги 3 башка шакекти бириктиргенде 1 Айгүл гүлүнүн берген кызыктуу жана баалуу трансформер. Андан сырткары Каныкей Батырованын эмгегине таандык “Аары”, “Ала тоо”, “Ак илбирс” сыяктуу баалуу шакек-сөйкөлөр бар.

"Зер буюмдардан сырткары алтын жалатылган жасалгалар менен бел курларды чыгарып жатабыз. Баары өзүбүздүн өндүрүшкө таандык. Бизде брендделген сумкаларыбыз жок экен, бренд сумкаларды чыгарып жатабыз. Алардын бренд белгилери Кумтордун алтыны жана күмүшүнөн жасалат”- деп билдирди ишкер айым брендделген буюмдарын көргөзүп жатып.

Азыркы учурда Батырованын кыргыз брендине - коомчулуктун суроо талабы зор. Ишкер айым жакында эле люкс брендди ойлоп таап, улуттук   кийимдерге алтындан жасалган мончокторду жайгаштырып, сунуштай баштаган.

"Эмнебиз менен өзгөчөлөнтсөк болот, деп олтуруп алтынды чапандарга тигип баштадык. Себеби бир дагы дүйнөлүк бренд “люкс” же андан күчтүү болсо да, алтынды кийимге тикпейт экен. Эң баалуу чапаныбыз “Биринчи айым-Айгүл” 108 даана алтын мончок менен тигилип, 5 миң $ бааланат. Чынымды айтсам, аны туристтер эле алат же мода көрсөтүүлөргө гана алып чыгабыз - деп ойлоп койгом. Бирок ал сатыкка чыгаары менен алгачкы чапанды бир жергиликтүү ишкер сатып алды”- деп Батырова кубанычы менен бөлүштү.

Эки баланын энеси, сүйүктүү жар, ишкер айым дале болсо изденүүнүн үстүндө эмгектенет. Азыркы тапта, ал Кыргызстандын ар бир облусуна арналган даректүү чапандарды даярдап жаткан кез. Айтымында, бул турмушта өзүнүн изин калтырып, кыргыз элине пайдасын тийгизип кеткиси келет.

Келечек пландар жана жаштарга кеңеш

Ишкердин айтымында, кыргыз бренди өнүгүп-өсүп, эл аралык деңгээлде таанылып кетсе, бюджетке түшкөн салыгы менен эле Кыргызстанга зор салымын кошот.

“Дүйнөлүк бренддерди көрүп эле жатпайлыбы, жүгүртүүсү, өнүгүүсү кандай болот экенин. Биз дагы бул брендди кыргыз элине кызмат кылсын деген максатта чыгарганбыз. Азыр жогору сапат жана брендди баалаган эл шарты жок болсо да, "Bulgari" же "Cartier" бренддерин алуу үчүн акчасын топтоп, сатып алууга ашыгышат. Кудай буйруса биздин бренд дагы ушундай даражага жетет деп ишенем" – дейт, ишкер айым келечек пландары менен бөлүшүп жатып.

Бизнес кылууну пландаштырып, бирок эмнеден баштаарды билбей жаткан жердештерге тажрыйбалуу ишкер эң жөнөкөй жана сыналган сунушун берет. Анын баамында бизнес дагы жаш бала сыяктуу. Бутунан туруп, өнүгүп кеткенче убакыт талап кылынат.

Ар бир иштин өнүгүп-өсүшүнө чейин бир канча убакыт керектелет. Натыйжасы шыр эле боло койбойт. Ошол нерсеге чыдаган гана адам бизнесин алып кетет. Ишти баштоодогу эң башкы жана маанилүү жагдай, ишкердин башында башкаларда жок идея болсо жакшы. Анткени элде бар ишкердиктин түрүндө сөзсүз атаандаштык болот.
Каныкей Батырованын окуясы — өзгөчө идеядан жаралган ийгилик, талыкпаган эмгектин натыйжасы жана ишенимдин күчү аркылуу бийик жетишкендиктерге жетүүгө болорунун чыныгы мисалы. Ал улуттук баалуулуктарды заманбап дүйнөлүк деңгээлге чыгарып, кыргыз брендин жаңы өңүттө таанытууга умтулууда. Анын тажрыйбасы көптөгөн айымдарга жана жаш ишкерлерге коркпостон аракет кылып, кыялын ишке ашырууга дем берет.

Мындан тышкары окуңуз

Телефон тыңшоо мыйзамы парламентте биринчи окууда колдоо тапты

Телефон тыңшоо мыйзамы парламентте биринчи окууда колдоо тапты

УКМК өзгөчө кырдаал же аскердик абал учурунда мобилдик түзүлүштөрдү өчүрүү, уюлдук операторлордун маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. УКМКныын орун басары Алишер Эрбаев бул мыйзам Санарип кодексинин кабыл алышына байланыштуу, бирдиктүү санарип терминологиясын жана укуктук шайкештикти камсыздоо максатында сунушталганын айтты. Ал буга чейин билдиргендей, эгер атайын кызматтар жарандардын телефонун тыңшай

Бишкек менен Татарстан шаар башкаруу боюнча өнөктөштүктү күчөтөт

Бишкек менен Татарстан шаар башкаруу боюнча өнөктөштүктү күчөтөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүү, шаардык башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу, инфраструктураны жакшыртуу, коомдук транспорт жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Василь Шайхразиев Бишкекке буга чейин дагы бир нече жолу келгенин белгилеп,

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда электросамокаттар жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттары үчүн уруксат берилген эң жогорку ылдамдыкты саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин төмөндөтүү сунушталууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул демилге жөө жүргүнчүлөрдүн жана жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонгондордун коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Белгиленгендей, акыркы

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Бишкек шаарында жергиликтүү жамааттардын климаттык туруктуулугун бекемдөө маселелерине арналган Диалог уюштурулду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Коомчулуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (КДУД) алкагында өттү. Жыйынга Кыргызстан менен катар Өзбекстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышты. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков аймактарды