Роналдуну кызыктырган - кыргыз шырдагы

Роналдуну кызыктырган - кыргыз шырдагы

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында - шырдак, кыргыздын улуттук кийимдери, баалуу буюм-тайымдардан өйдө ширелиштире жасалып, бүгүнкү күндө продукциялар бир гана Кыргызстан ичинде эмес, дүйнөнүн чар тарабына сатылууда. Кундуз Асанакунова жетектеген Тоң районундагы кол өнөрчүлүк борбору дал ушул кыргыздын көөнө наркын сактап, жайылтып келет. Жергиликтүү ишкер, кол өнөрчү - Кундуз Асанакунова “Ишкер медиа” сайтына ата мурасын улап келген ийгилик сырлары менен бөлүштү.

Кундуз айым, сиз эмнеден улам кол өнөрчүлүккө аралашып калдыңыз?

-Илгертен эле биздин апаларыбыз кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн кастарлап, шырдак, боз үй жасалгаларын жасап, уул-кыздарына мурас катары калтырып келген. Биздин үй-бүлө дагы кол өнөрчүлүккө өзгөчө көңүл бөлүп, ошол баалуулуктарды калтырбай улантып келе жатабыз.

Алгач, 25 жыл мурда Тоң жергесинде кол өнөрчүлүк борборун, бир тууган эжем түптөгөн. Андан соң, бул ишмердүүлүктү мага сунушталганда, менин кесибим кол өнөрчү болбогондуктан ишти алып кете аламбы, деген күдүк ойлор болгон. Бирок, бул тармакка бат эле жуурулушуп кеттим. Азыркы тапта, кол өнөрчүлүк борборубуз жакшы көрсөткүчтөргө жетүүдө.

Сиздер бир гана шырдак жасоо менен алектенесиздерби?

-Азыркы тапта, заман талабына ылайыктап да ар кандай көлөмдөгү шырдактарды жасап жатабыз. Европалыктар көбүнчө шырдакты жерге салбай илип коюшат экен. Андыктан, аларга кичирээк кылып, шырдак жасап беребиз. Мындан сырткары, боз үйдүн кийиздерин өндүрөбүз, андан артып калган кийиздерди таштандыга ыргытпастан, үйгө кийилчү атайын жеңил бут кийимдерди тигебиз.

Ошондой эле, атайын сувенирлер, аксессуарлар, калпактын түрү, улуттук кийим өңдүү бир топ нерселерди өндүрөбүз.

-Кол өнөрчүлүктөн жакшы пайда тапса болот бекен?

- Албетте, жаман эмес, киреше жакшы десем жаңылышпайм. Биздин кардарлардын көбүнчөсү чет өлкөлүк туристтер болуп саналат.

Мындан 6-7 жыл мурда бизге бир кардар келип, эки шырдак сатып алган.  Кардарыбыздын иниси бизден алган шырдактын бирөөсүн белгилүү футболчу Криштиану Роналдуга белеке бериптир. Роналду биздин шырдакты баалап, “кыргыз шырдагы мага абдан жакты”, - деп  социалдык тармак аркылуу жарыялаган. Ошондон улам да биздин аброюбуз ого бетер көтөрүлдү.

Өнөрканаңыздардын айыл элине деле пайдасы тийеби?

-Биздин кол өнөрчүлүк борбордо өзүбүз эле иштебейбиз. Бөкөнбаев айылындагы 10 кишини иш менен камсыз кылабыз. Андан тышкары, 10 чакты аял үйүнөн атайын буйрутма менен шырдак шырып, акысын алышат.

Тоңдун жака белиндеги айылдардан элдин жүнүн сатып алып, шырдак жасап жатабыз. Бул да болсо өзүбүздүн арабаны эле сокпой, айыл элине социалдык-экономикалык жактан аздыр-көптүр салым кошуп жатабыз деп эсептейм.

-Кол өнөрчүлүктү даңазалап, чет жерлерге чыгып турасыздарбы?

-Ооба, эл аралык фестивалдарга байма-бай катышабыз.  Япония, АКШ, Кытай, андан тышкары, Европанын көпчүлүк өлкөлөрүнө барып, өзүбүздүн уздардын эмгектерин тартууладык. Чет өлкөлүктөр биздин улуттук баалууктарыбызга кызыгуусу артып, тапшырык кылгандардын саны да кыйла көбөйдү. Чет өлкөгө көптөгөн көргөзмөлөргө чакыруулар болуп турат. Биз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша барганга аракет кылабыз.

Кол өнөрчүлүктү мындан ары да өнүктүрөсүздөрбү?

-Албетте, бизде жеке эле кол өнөрчүлүк борбор менен эле чектелбестен, анын жанында эле өзүбүздүн уздардын колунан чыккан буюм-тайымдардын баары ушул дүкөндө сатылат. Мындай кол өнөрчүлүк борборлору бир гана Бөкөнбаев айылында эмес, Кыргызстандын ар бир бурчунда болсо, биз ушул тармак менен эле туристтерди тартып коебуз. Андыктан, кол нөрчүлүк тармагына олуттуу мамиле кылсак, улуттук кол өнөрчүлүккө салым кошкон болот элек.

Мындан тышкары окуңуз

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар.

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат