Илон Маск тарыхта 600 млрд долларлык байлыгы бар алгачкы адам болду

Илон Маск тарыхта 600 млрд долларлык байлыгы бар алгачкы адам болду

SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү, америкалык миллиардер Илон Маск тарыхта 600 млрд долларлык байлыгы бар тарыхта биринчи адам болгонун Forbes журналы билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.

Маалыматта Масктан башка тарыхта буга чейин башка эч кимдин 500 млрд долларлык байлыгы болгон эместиги баса белгиленет.

Басылманын маалыматы боюнча, SpaceXтин рыноктук баасы августта 400 млрд долларды түзгөн, декабрь айында 800 млрд долларга чейин көтөрүлдү. Компания 2026-жылы акцияларды сата баштайт жана анын баасы болжол менен 1,5 трлн долларга жетет деген божомол бар.

9-декабрда SpaceX өзүнүн X социалдык медиа платформасында (мурдагы Twitter) Falcon 9 ракетасы АКШнын электрондук чалгындоо спутниктеринин тобу менен орбитага чыкканын жарыялаган. Спутниктердин максаты жана саны тууралуу маалыматтар жашыруун экени айтылган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?