Чүйдө труба-шифер жана керамика чыгарган эки завод курулат

Чүйдө труба-шифер жана керамика чыгарган эки завод курулат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Кант шаарында «Кант ТШИ»  (труба-шифер ишканасы) заводунун жаңы линиясынын имаратынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айылында «Асыл-Таш»керамика заводунун имаратынын пайдубалына капсула салууга катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

«Кант ТШИ» заводунун кеңейишине катышкан Жапаров, Кыргызстан сырьёлук базага - кум, шагыл, топурак, гипс, мрамор, гранит ж.б. курулушка керектүү байлыктарга ээ экенин айтып, жакынкы жылдарда өлкөдө ири курулуштар жүрөөрүн, заводдон чыкчу продукциялар өзүбүз үчүн абдан зарыл болоорун жана «Кант ТШИ» заводун модернизациялоого, кеңейтүүгө Министрлер Кабинети кызыкдар экенин белгиледи.

Заводдун жаңы линиясы автоклавдык газ бетон өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы $12.1 млн түзсө, анын $8.5 млн АКШ долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат. Муну менен кошумча 120 жумуш орду ачылат жана  өлкөгө жылына салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн 100 млн сомдон ашуун киреше түшөт.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров ошондой эле, «Асыл таш» керамика» заводунун курулушуна капсула салып жатып, 7 млндон ашкан өлкө калкынын 60%ын жаштар түзөөрүн, мына ошол жаштарга ушундай завод-фабрикаларды ачуу менен жумуш орундарын түзүү, экономика түзүүчү ишканаларды ачуу, колдоо жана өнүктүрүү мамлекеттин башкы артыкчылыгы болуп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл