Экономика министрлиги менен кытайлык YEMA GROUP биргелешкен соода борборун түзөт

Экономика министрлиги менен кытайлык YEMA GROUP биргелешкен соода борборун түзөт

Экономика жана коммерция министрлиги менен кытайлык YEMA GROUP., LTD компаниясынын ортосунда «Кыргыз-кытай соода борборун түзүү жөнүндө» меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу минкаб маалымдады.

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында,  Huahe international компаниясынын жетекчилиги менен биргеликте Кыргызстанда түзмө-түз иш алып барууга кызыккан 30дан ашуун кытай ишкерлеринин катышуусундагы “Кыргызстан - Кытай” бизнес жолугушуусуна катышты.

Төрөбаев эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлер үчүн Кыргызстан кытай ишкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, ар кандай тармактагы ишкерлик чөйрөсүндөгү презентациялар көрсөтүлүп, аны менен бирге далилдүү сунуштар, жана инвестициялык долбоорлор каралып чыкты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”