Энергетика министрлиги кытайлык компаниялар менен кызматташат – долбоорлордун тизмеси

Энергетика министрлиги кытайлык компаниялар менен кызматташат – долбоорлордун тизмеси

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында алты документке кол койду. Кол коюлган документтер энергетика тармагы боюнча кызматташууга, өнүктүүрүүгө жана долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга багытталган. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Алты документтин ичинде:

· Энергетика министрлиги менен Univeral Energy Co. Ltd. компаниясынын ортосунда шамал электростанциясын курууну ниеттенүүдө меморандумга кол коюлду;

· Энергетика министрлиги менен China Energy International Group Co., Ltd. жана China Gezhouba Group International Engineering Co., Ltd. (КНР) компанияларынын ортосунда  кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Документинин башкы максаты КРда шамал энергетикасы, фотоэнергетика, сактоо энергиясы ж. б. боюнча долбоорлорду биргелешип иштеп чыгуу, өнүктүрүү жана ишке ашыруу болуп эсептелет. Кол коюлган документтин мөөтү 3 жылга чейин күчүндө болмокчу;

· ошондой эле КРнын Энергетика министрлиги менен Tebian Electric Apparatus Stock Co., Ltd. (TBEA) компаниясы жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын куруу боюнча кызматташуу ниетинде макулдашууга кол койду;

· энергетика министри Таалайбек Ибраев жогорудагы компанияларга катарлаш China Railway No. 5 Engineering Group Co., Ltd. компаниясы менен  өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Ал эми меморандумдун негизги максаты 6 ГЭСтен турган Сары-Жаз ГЭС каскадын куруунун артыкчылыктуу эсебин ишке ашыруу болуп саналат. Кол коюлган документтин күчү 3 жылга чейин сакталмакчы;

· Энергетика министрлиги менен Karamay Youlong Technology Service Co., Ltd. компаниясынын ортосунда  өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Анда энергетика жана пайдалуу кендерди (көмүр, мунай, жаратылыш газы) иштетүү, ошондой эле аларды комплекстүү пайдалануу жана башка потенциалдуу энергетикалык долбоорлор жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу. Документтин  жарактуулук мөөнөтү 3 жыл болмокчу;

· China Power International Development Limited менен КРнын Энергетика  минисрлигинин  ортосунда долбоорду ишке ашыруу жана электр энергиясын сатып алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл