Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченин 13% деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу банк маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, КРнын экономикасына тике жана кыйыр таасирин тийгизген тышкы экономикалык шарттар, мурдагыдай эле, белгисиздик жагдайлардын таасиринде, бир калыпта болбостон, тышкы финансылык рыноктордо өзгөрүлмөлүүлүк сакталууда. Дүйнөлүк азык-түлүк жана мунай рынокторунда баа динамикасынын акырындап төмөндөшүнө карабастан, көпчүлүк өлкөлөрдө жогору инфляция деңгээли күтүлүүдө. Ал эми региондо инфляциянын акырындык менен төмөндөшү алгылыктуу фактор болуп саналат.

«Улуттук банк тарабынан алдын ала көрүлгөн чаралардын натыйжасында, акча жана валюта рынокторундагы жагдай салыштырмалуу туруктуу бойдон сакталууда. Учурдагы акча-кредит шарттарын колдоо улуттук валютадагы аманаттарга болгон суроо-талапты сактоого жана калктын каражат топтоосуна өбөлгө түзүүгө мүмкүндүк берет», - деп маалымат кызматы белгиледи.

Кыска мөөнөттүү келечекте инфляцияга түрткү берүүчү факторлор мурдагыдай эле сакталып турушу күтүлөт. Күтүлүп жаткан инфляция деңгээли тышкы шарттар менен катар эле, ички факторлордун да таасиринде калыптанат, анын ичинен, ички суроо-талаптын акырындап көбөйүшү, ошондой эле бир катар тарифтердин жана акциздердин жогорулашы негизгилерден болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл