Чолпон-Атада «Европа Биримдиги - Борбордук Азия» саммити өтөт

Чолпон-Атада «Европа Биримдиги - Борбордук Азия» саммити өтөт

2023-жылдын 2-июнунда Чолпон-Атада «Европа Биримдиги - Борбордук Азия» экинчи саммити өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

КРнын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, саммитке президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат.

«Эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот», - деди Азымбакиев.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Эртеси, 3-июнда, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин КРна расмий сапары болот.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл