«Айыл чарбасын каржылоо -11» боюнча 2.7 млрд сомго насыя берилди
«Айыл чарбасын каржылоо -11» боюнча 2.7 млрд сомго 6 103 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Такталгандай, «Айыл Банк» ААК 1.3 млрд сомго 2 917 насыя, «РСК Банк» ААК 1.4 млрд сомго 3 186 насыя берди.
Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 664.8 млн сомго 1 612 насыя берилди, анын ичинен:
• «Айыл Банк» 397.3 млн сомго 934 насыя;
• «РСК Банк» 267.4 млн сомго 678 насыя берди.
Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 207.9 млн сомго 4 491 насыя берилди:
• «Айыл Банк» 942.2 млн сомго 1 983 насыя;
• «РСК Банк» 1.1 млрд сомго 2 508 насыя берди.