Майлуу-Суу лампа заводу жарандарды ишке орноштуруусуна көмөктөшөт

Майлуу-Суу лампа заводу жарандарды ишке орноштуруусуна көмөктөшөт

Эмгек министрлиги менен Майлуу-Суу лампа заводу жумушсуз жарандарды окутуу жана ишке орноштуруу боюнча кызматташат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, маселе министрлигинин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова менен заводдун жетекчилигинин жолугушуусунда көтөрүлдү.

Эмгек шарттарын талкуулоо учурунда «МСЛЗ» ААКда учурда окуу борбору жок экени белгилүү болду. Министрлик заводдун жумушчуларынын квалификациясын жогорулатуу жана жумушсуз жарандарды андан ары ишке орноштуруу менен окутуу үчүн лампа заводунун окуу борборун ачууну сунуштады.

«Жумушсуз жарандарды кесиптик окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу алкагындагы кызматташуу талкууланды», - деди Туркебекова.

Мындан тышкары окуңуз

Футбол федерациясынын президенттигине Адылбек Касымалиев талапкер болду

Футбол федерациясынын президенттигине Адылбек Касымалиев талапкер болду

Кыргызстандын футбол союзунун шайлоо комитети КФУнун жетекчилигине талапкерлерди жактырды. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.  Маалыматка ылайык, шайлоо 12-майда КФУнун съездинин жүрүшүндө болот.  КФУнун президентинин кызмат ордуна төмөндөгүлөр көрсөтүлдү: - Адылбек Алешович Касымалиев.  КФУнун аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн кызматына төмөндөгүлөр көрсөтүлдү: - Маматов Акылбек Абдимуктарович; - Жохан Болотович Ералханов. Эске салсак, буга

Алматынын делегациясы Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод менен таанышты

Алматынын делегациясы Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод менен таанышты

9-майда Кыргызстанга болгон иш сапардын алкагында Алматы шаарынын акиминин орун басары Олжас Смагулов жетектеген делегация Бишкек шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү заводго барды. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, делегациянын курамында Алматы шаарынын Ишкердик жана инвестициялар башкармалыгынын, Экология жана айлана-чөйрө башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле инвестициялык жана экологиялык уюмдардын өкүлдөрү болду. Завод аймагындагы экскурсияны Бишкек

“Эл үмүтү” президенттик стипендиясынын расмий порталы ишке кирди

“Эл үмүтү” президенттик стипендиясынын расмий порталы ишке кирди

Бүгүндөн тартып "Эл үмүтү" президенттик стипендиясынын расмий порталы ишке кирди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, эми талапкерлер онлайн форматта арыз тапшырып, катышуу шарттары, тандоо критерийлери жана керектүү документтердин тизмеси менен тааныша алышат. Документтерди кабыл алуу программанын расмий порталы аркылуу жүргүзүлөт. Арыздарды

Марат Тагаев кызматтан кетти

Марат Тагаев кызматтан кетти

Марат Тагаев Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу туруктуу өкүлү болуп дайындалганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  ТҮРКСОЙдун башкы кеңсеси Анкарада жайгашкан.  Марат Тагаев 2023-жылдын 6-февралынан тарта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеген. Ал жаштар саясатын, маалымат жана кинематографияны жетектеген. Эске салсак, Тагаев министрдин орун