УКМК «Кыргызкөмүрдөн» 6.3 миң тоннага жакын көмүр тартыштыгын тапты

УКМК «Кыргызкөмүрдөн» 6.3 миң тоннага жакын көмүр тартыштыгын тапты

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Ысык-Көл пароходствосу» филиалынын станциясынан Бишкек шаарындагы ЖЭБна чейин ташууда катуу отундун коромжусун эсептен чыгаруу аныкталган.

Такталгандай, алдын ала аудиттин корутундусуна ылайык, 2021-2023-жылдар аралыгында 6.3 миң тоннага жакын, бул жалпысынан 18 млн 995 миң сомду түзүп «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл пароходство филиалында көмүр тартыштыгы байкалган.

Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз эсептен чыгаруунун жана туунду компаниялар менен мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө мыйзам бузуулардын фактылары аныкталган.

2023-жылдын 7-июнунда соттун токтомунун негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш иши үчүн маанилүү болгон документтер жана ок атуучу куралдар, ошондой эле транспорт каражаттарынын жасалма номерлери табылып алынган.

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш жасаган деген шек менен филиалдын директорунун орун басары У.Т. кармалды.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, келтирилген зыяндын бардык көлөмүн жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл