Cаламаттык сактоо тармагына 10.6 млрд сом бөлүндү
2023-жылдын январь-май айларында «Саламаттык сактоо» бөлүмү боюнча бюджеттик каражаттардын аткарылышы 10.6 млрд сомду же такталган жылдык пландын 36.9%ын түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Такталгандай, Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик каражаттар боюнча аткарылуу такталган жылдык планга карата 1.7 млрд сомду же 36%ды түздү, анын ичинде:
• 440 млн сом эмгек акыга жана Соцфондго чегерүүлөргө каржыланды;
• гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө – 67.4 млн сом;
• дары-дармектерди сатып алууга – 674.5 млн сом;
• азык-түлүк сатып алууга – 17 млн сом.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 8.5 млрд сом бөлүнду же 36.5%ын түздү, анын ичинде камсыздоо боюнча гемодиализ кызматтарына – 883.5 млн сом.