«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 11.7 млрд сом төктү

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2023-жылдын июнь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 11 млрд 760 млн сом салык төлөсө, анын 8 млрд сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан чегерилген. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат. «Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө 875.6

Чынгыз Керимбеков
«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 11.7 млрд сом төктү

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2023-жылдын июнь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 11 млрд 760 млн сом салык төлөсө, анын 8 млрд сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан чегерилген. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.

«Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө 875.6 млн сом төлөгөн, анын ичинде:

• Талас облусун өнүктүрүү фонду – 437.8 млн сом;

• Талас районунун өнүктүрүү фонду – 262.6 млн сом;

• Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду – 175 млн сом.

Декабрь айына карата компанияда 839 кызматкер иштейт.

Чынгыз Керимбеков

По теме