«Ысык-Көл» аэропортунун имаратынын долбоорунун макети тартууланды – видео
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет имаратынын долбоору ишке ашырыла башталды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Аэропорттун маалымат кызматы долбоордун макети менен тааныштырда. Такталгандай, жаңы аэробекеттин долбоору «Манастын» архитекторлору жана дизайнерлери тарабынан иштелип чыкты.
Эске салсак, курулуш иштери 1 июлдан тарта башталган. Долбоорго ылайык, аэробекет ABC Tу-154, Tу-204, Boeing 737, Boeing 757, Airbus A319, A320, A321, BAE 146-200, Embraer E170/E175 жана алардын аналогдору менен келген жүргүнчүлөрдү тейлөөгө ылайыкталган. Жаңы аэробекеттин 3 кабаттуу имаратынын аянты 18 424.5 м2 түзүп, ал саатына 450 жүргүнчүнү тейлейт. Учурда өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 адамды түзөт.