2025-жылга чейин «Электр станцияларына» 112.8 млрд сом бөлүнөт

Келерки эки жылдын ичинде «Электр станцияларына» 112.8 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финмин маалымдады.
Такталгандай, ишканага 2024-жылга 55.8 млрд сом, 2025-жылга 57 млрд сом каралган.
Ошондой эле мамлекеттик стратегиялык энергетика ишканаларынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында 2023-жылы «Электр станциялары» ААКнын жана «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө 10.8 млрд сом каралган.