Бахрейнге Кыргызстандын инвестициялык климаты тууралуу маалымат берилди

Бахрейнге Кыргызстандын инвестициялык климаты тууралуу маалымат берилди

2023-жылдын 6-июлунда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Бахрейн королдугунун КРдагы элчиси Мохаммед Гассан Мохамед Аднан Шайхо мырза менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар эки мамлекеттин ортосунда визиттерди уюштуруу жана фундаменталдык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү аркылуу Кыргыз-Бахрейн кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Амангелдиев элчиге инвестициялык климатты жакшыртуу, жеке сектор үчүн түзүлгөн шарттар, административдик чектөөлөрдү жоюу,  ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдар, инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды азайтуу жана жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Министр ошондой эле Бахрейндин жарандары Кыргызстанга 60 күндүк мөөнөткө визасыз кирүү режими бар экенин, бул туризм тармагын өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоого шарт түзөрүн маалымдады.

Тараптар кызматташуунун башка актуалдуу маселелерин талкуулашты жана эки тараптуу мамилелер мындан ары да прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгө берерине ишеним билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын