Кыргызстан Airbus компаниясынын космостук спутнигинин пайдалануусун сунуштады

Кыргызстан Airbus компаниясынын космостук спутнигинин пайдалануусун сунуштады

КРнын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Airbus компаниясынын Вице-президенти Жак Гаригью менен Airbus" компаниясынын космостук спутнигинин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу маселесин талкуулашты.

Ошондой эле элчи Airbus менен активдүү кызматташуунун башталышы, мурда сатылып алынган тик учактарды пайдалануу тажрыйбасы тууралуу канааттануу менен белгиледи.

Муну менен Франциянын авиация тармагындагы тажрыйбасын жана жетишкендиктерин эске алуу менен элчи кызматташтыкты кеңейтүү сунушун киргизди.

Өз кезегинде Гаригью Airbus компаниясы тарабынан А220 классындагы авиабортту пайдалануу практикасы жана кыска аралыкка өлкө ичинде учууларды жүзөгө ашыруу үчүн сыйымдуулугу 90 адамга чейин жана турбо пропеллер менен жабдылган ATR-72 классындагы авиабортторду берүү боюнча элчинин сунушун оң жагына кароого даяр экендиги тууралуу маалымдады. Спутникти пайдалануу жаатында каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери жана варианттары талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын