Кыргызстандыктар Японияда «белгилүү көндүмдөрү бар кызматкер» статусу менен иштей алышат

Кыргызстандыктар Японияда «белгилүү көндүмдөрү бар кызматкер»  статусу менен иштей алышат

Кыргызстандыктар Японияда «белгилүү көндүмдөрү бар кызматкер»  статусу менен иштей алышат. Тиешелүү меморандумга Япониянын Юстиция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо, эмгек, бакубатчылык министрлиги, улуттук полиция агенттиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен кол коюлду.

Документ «белгилүү көндүмдөргө ээ кызматкер» статусу менен чет элдик эмгек ресурстарына тиешелүү системанын талаптагыдай иштешин аныктайт. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын жарандары «техникалык стажер» категориясында гана иштей алышкан.

Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, «белгилүү көндүмдөргө ээ кызматкер» статусу кыргызстандыктардын Японияда мыйзамдуу түрдө жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Меморандум тышкы эмгек рыногун диверсификациялоого, миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө мүмкүндүк берет, ошондой эле тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө кеңири жана эркин өз ара маалымат алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Японияда жүргөн КРнын жарандарынын болжолдуу саны 670ке жакын адамды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын