Минкаб Индиянын фармацевтикалык ишканаларына Кыргызстанда өндүрүштөрдү ачууну сунуштады

Минкаб Индиянын фармацевтикалык ишканаларына Кыргызстанда  өндүрүштөрдү ачууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Индиянын Хайдарабад шаарында өтүп жаткан 9-эл аралык фармацевтикалык көргөзмөсүнө барды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Эдиль Байсалов Индиянын алдыңкы фармацевтикалык компаниялардын жана бир катар өндүрүштүк бирикмелердин жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, алардын жүрүшүндө эки тарапка тең пайдалуу келишимдерди түзүү, ошондой эле Кыргызстанда өндүрүштөрдү ачуу аркылуу активдүү кызматташууга чакырды.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн алкагында түз келишимдер аркылуу дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн түзүлгөн «Кыргызфармация» жаңы мамлекеттик ишканасынын бет ачарына тегерек стол уюштурулду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды