Октябрга чейин Токтогул суу сактагычынын көлөмү 12.4 млрд метр кубду түзөөрү күтүлүүдө

Октябрга чейин Токтогул суу сактагычынын көлөмү 12.4 млрд метр кубду түзөөрү күтүлүүдө

2023-жылдын 1-октябрына Токтогул суу сактагычына 14,34 млрд метр куб сууну топтоо пландалган. Бул тууралуу экономика тармактарын жана калкты 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду.  

Маалыматка ылайык, суунун аз агып келгендигине байланыштуу ушул жылдын октябрь айына суунун көлөмү 12.4 млрд метр кубду түзөөрү күтүлүүдө, муну менен бул көрсөткүч 2 млрд метр куб сууга аз болоору божомолдонууда.

Бул үчүн минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

«Айыл башчылардан тартып, айыл аймактар, район акимдери, облус жетекчилери, мэрлер жана тиешелүү бардык мамлекеттик мекемелердин жетекчилери «Кыргызстан улуттук тармактар» ААК менен биргеликте электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алгыла. Азыр жай мезгили, күн узун жарыкты үнөмдүү пайдаланалы. Борбордук көчөлөрдөгү жарыктар күн чыкканга чейин күйүп турбасын, бул мэрлерге тиешелүү. Токтогул суу сактагычындагы сууну азыртан сарамжалдуу пайдаланалы», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мыйзамсыз курулуш аныкталып, дубалдары буздурулду

Ошто мыйзамсыз курулуш аныкталып, дубалдары буздурулду

Ош шаарында мыйзамсыз курулуп жаткан коммерциялык багыттагы объектте курулуш нормаларынын одоно бузулушу аныкталып, сапатсыз тургузулган дубалдар буздурулду. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Б. Осмонов көчөсүндө жайгашкан коммерциялык объект текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Мындан

Ошто 10 сейил бак пайдаланууга берилди

Ошто 10 сейил бак пайдаланууга берилди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин 100 күндүк ишмердүүлүгүнүн алкагында 10-июнь шаарда 10 заманбап сейил бак пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясыныны басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин каралбай келген аймактар толугу менен жаңыланып, тургундар үчүн ыңгайлуу эс алуу жайларына айланды. Бардык иштер “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу

2027-жылдан баштап мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйөт

2027-жылдан баштап мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйөт

2027-жылдын 1-январынан баштап окуучунун мектептеги бир күндүк тамак-ашын каржылоо ченеми 40 сомго чейин жогорулатылат. Тиешелүү чечимди президенти Садыр Жапаров кабыл алды. Азыркы учурда жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусу республикалык бюджеттин эсебинен бир окуучуга күнүнө 14 сом өлчөмүндө каржыланат. Ошол эле учурда балдардын ден

Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды

Кытайдан алынып келинген 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды

Кытайдан ташылып келе жаткан 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан 10-июнда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт автожолу” постунда карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чаралар мезгилинде, Кытайга таандык 24,