Жеке компаниялар көмүрдү сыртка чыгарууда ички керектөөчүлөргө бааларды жогорулатса минкаб экспортту жабат

Жеке компаниялар көмүрдү сыртка чыгарууда ички керектөөчүлөргө бааларды жогорулатса минкаб экспортту жабат
Photo by Dominik Vanyi / Unsplash

Жеке компаниялар көмүрдү сыртка чыгарууда ички керектөөчүлөргө бааларды жогорулатса минкаб экспортту жабат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын жана калкты 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты.

Жыйындын жүрүшүндө бюджеттик мекемелерди, калкты отун менен камсыздоо жана аларды кышка даярдоо менен катар эле, көмүргө болгон баа саясаты каралды. Планга ылайык, республика боюнча 549 отун база ачылышы керек.

Бул багытта МинКаб Төрагасынын орун басары калк жетиштүү көлөмдө жана алгылыктуу баада өз убагында көмүр менен камсыздалышын керектигин билдирди.

«Облустун жетекчилери жана акимдер көмүргө болгон ички бааны көзөмөлгө алууну сиздерден талап кылам. Өлкөдө көмүр казган жеке менчик компаниялар көп, сыртка экспорттоодо кара отундун баасын жосунсуз жогорулатпасын жана ортого түшүү деген болбосун. Эгерде жеке көмүр казуучу компаниялар көмүрдү сыртка чыгарууда, ички керектөөчүлөргө бааларды жогорулатса Министрлер Кабинети экспортту жабат. Биринчиден көмүр казуучу компаниялар бюджеттик мекемелердин жана калктын көмүргө болгон керектөөсүн жабыш керек», – деди Бакыт Төрөбаев.

МинКаб Төрагасынын орун басары ошондой эле өткөн жылы Майлуу-Суу жана Орловкада болгон окуялар сыяктуу маселелер быйыл катталбашы үчүн, алдыдагы күз-кыш мезгилине байланыштуу бардык иштерди ыкчам чечүүнү республикалык штабдын мүчөлөрүнө тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын