Фермерлер 11.2 млрд сомго лизинг жолу аркылуу техника алышты
Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 11.2 млрд сомго 5 295 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Такталгандай, 2023-жылдын эсебинен 1.9 млрд сомго 543 техника берилди.
Эске салсак, техника лизингге "Айыл банк" аркылуу берилет.