2023-жылдын январь-июнь айлары үчүн эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгымдар 62 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чыгымдар 41.9%га көбөйдү.
Бул өсүш 2022-жылы мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин башка категорияларынын эмгегине акы төлөө шарттарын өркүндөтүүгө байланышкан:
· 2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлери, мамлекеттик жарандык кызматчылардан жана муниципалдык кызматчылардан тышкары;
· 2022-жылдын 1-августунан баштап мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media