«Манас» эл аралык аэропорту» ААКу 2023-жылдын 6 ай аралыгында 2 500 522 жүргүнчүнү тейледи. Бул көрсөткүч 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 12.6% көбөйгөн. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, 1.7 млн киши эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, 714 миң ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзгөн.
Жарым жыл ичинде 19 493 каттам ишке ашырылды – бул 2022-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 2.5% көбүрөөк. Авиакаттамдардын 13 801 – эл аралык, ал эми 5 692 – ички каттамдар.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media