Чүй – Омск кызматташууну күчөтөт

Чүй – Омск кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Россия мурдатан бери келе жаткан өнөктөштөр катары бардык тармактарда кызматташып келет. Ушул негизден президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Джумагазиев баштаган Чүй облусунун делегациясы иш сапары менен Россиянын Омск облусуна барды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүк билдирди.

Тараптардын жолугушуусунда соода-экономикалык, маданий-агартуу байланыштарды өнүктүрүү талкууланды.

Чүй облусу - Кыргызстандын эң өнүккөн айыл чарба аймагы болгондуктан, айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча сөз болду.

Омскидеги «Зерновые линии» ишканасы аркылуу Чүй облусуна буудайды, эң жогорку жана биринчи сорттогу унду жеткирүү, «ДиборЭкспорт» ишканасынын айыл чарба техникаларын Кыргызстанга алып келүү, айыл чарба илимий борбору сортторду Кыргызстандын жаратылыш-климаттык шарттарында сынап көрүп, ошол эле учурда бизден мөмө-жемиштердин, жашылчалардын жана мөмөлөрдүн көп түрүн Омскинин соода текчелерине жеткирүү, жеңил өнөр жайынын продукциясы, кийим-кечелер менен камсыздоо боюнча бир катар иштер мерчемделди.

Чүй – Омск алакасы узак мөөнөттүү мамилелерге жол ачмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16